Blog Image

“Агартуучуларга-таазим!”

2022-10-05

Бүгүн, 5-октябрда И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети тарабынан мугалимдер күнүнө жана алгачкы агартуучу, коомдук ишмер Ишеналы Арабаевдин 140 жылдыгына арналган “Агартуучуларга-таазим!” аттуу салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Салтанат Ишеналы Арабаевге арналган документалдуу-публицистикалык тасманы көрсөтүү менен башталды.

Андан соң, ректор Айгүл Абдраева куттуктоо сөз сүйлөп, өлкөнүн руханий жана интеллектуалдык дараметин өнүктүрүүгө салым кошкон инсандарга университеттин “Эмгек сиңирген ишмер” наамын ыйгарып, “Эмгек каарманы” төш белгисин, ардак грамота жана ыраазычылык каттарын тапшырды.

Майрамдык салтанаттын экинчи бөлүгү концерттик программа менен коштолду.

Иш-чаранын алкагында китеп жана “Устаттыктын улуу уңгусу” аттуу кол өнөрчүлүк көргөзмөсү орун алды.