Blog Image

Академиялык мобилдүүлүк боюнча билим алып жаткан студенттер Ысык-Көлдөгү “Жомок” каньонуна экскурсияга барып келишти

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин  ректорунун демилгеси менен университетке атайын академиялык мобилдүүлүк боюнча башка окуу жайлардан келген студенттерге Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жайгашкан “Жомок” каньонуна экскурсия уюштурулду. Окуу жайга Ош, Ысык-Көл, Жалал-Абад мамлекеттик университеттеринен окуусун улантууга келишкен студенттерге Табигый илимдер жана туризм институтунун студенти Актилек Жолдошбеков гид-экскурсовод болуп Ысык-Көл, Токмок, Кемин тууралуу кеңири маалымат берди.  Экскурсия окуу жайдын Жаштар жана социалдык-маданий иштер бөлүмүнүн башчысы Азамат Айдаров жетекчилигинде өттү.