Академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча келишимге кол коюлду
2022-10-04
3-октябрда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ортосунда академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча келишимге эки тараптуу кол коюлду.
Иш-чаранын жүрүшүндө Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун педагогика, психология жана окутуунун технологиясы кафедрасынын башчысы, п.и.д., профессор Сайипжамал Сакеева И.Арабаев атындагы КМУнун окуу иштери менен таанышып, студенттерге конок-лекция окуду.
Тараптар мындан ары да кызматташууга дилгирлигин билдиришти.