Blog Image

Академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында ЖМТИнин окутуучулары жана студенттери ОшТУда 

И.Арабаев атындагы КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун 4 окутуучусу жана 11 студенти академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында академик М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин Кибернетика жана маалыматтык технологиялар факультетинин IT-тармагы боюнча базасы менен таанышышты. Анда 2 университеттин окутуучулары тажрыйба алмашуусун арттыруу максатында бакалавр профилдеринин окуу программалары менен таанышып жана студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн өркүндөтүү жана окутуучулардын кызматташтыгын улантуу боюнча иш алып барууну талкуулашты.