Blog Image

Акын Аида Эгембердиеванын “Үнсүз кайрыктар” аттуу чыгармачылык кечеси өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Мамлекеттик тил жана маданият институтунун  Кыргыз адабияты жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин доктору, профессор Аида Эгембердиеванын “Үнсүз кайрыктар” аттуу отчеттук чыгармачылык кечеси өттү.

Кечени университеттин ректору, профессор Айгүл Абдраева ачып берип, Аида Эгембердиева университетте иштеген 7 жыл ичинде 7 китеп чыгарганын айтып, кесипкөй адис экенин баса белгиледи.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын  улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков,  кыргыз эл жазуучусу Асан Жакшылыков, эл акындары Тынчтыкбек Нурманбетов, Кожогелди Култегин, ЖОЖдордун окутуучулары менен студенттер, акындын чыгармачылыгын баалаган окурмандар, маданият ишмерлери катышты.

Кечени жаш акын Акжол Доранбек уулу алып барды. Аида Эгембердиеванын сөзүнө жазылган “Саякбай” аттуу ырын КРнын эл артисти Бактыбек Ыбыкеев, “Кум бетине атың жазып...”, “Сүйүүнүн ыры” ырлары Наздана Эргешова тарабынан аткарылды. Акындын ырларын Чыңгыз Рыскелдиев, Рыскүл Изатова, Жакшылык Дүйшөнбек уулу көркөм окушту.

Аида Эгембердиева “Издеткен жарык” (1996), “Шүүдүрүм” (1998), “Белгисиз жомок” (2000), “Үнсүз кайрыктар” (2005), “Аян” (2010), “Оомат” (2019) аттуу поэтикалык жыйнактардын жана адабият таануу, манастаануу, этнография, антропология жаатындагы бир нече изилдөө китептеринин автору.

Ал которгон Л.Кэрроллдун “Кызыктар өлкөсүндөгү Алисанын укмуштуу окуялары” 2016-жылы Ирландияда, 2018-жылы Бишкекте кыргыз тилинде китеп болуп чыккан. Ф.Кафка, С.Есенин, М.Цветаева, Б.Ахмадулина, С.Капутикян, Ф.Годжа, Р.Меджид, Л.Арбачакова, М.Шокан, Л.Алиева ж.б. чыгармаларын кыргызчалаган. Өзүнүн ырлары менен изилдөөлөрү түрк, казак, гагауз, орус, англис, фин, немис тилдерине которулган.

“Турар – көрөңгөлүү акын” (2000), “Манасчы жана мезгил” (2005), “Жылдар үнү” (2006), “Кыргыз аялдар поэзиясы: көркөм табияты, тарыхый өнүгүшү, идеялык-стилдик өзгөчөлүктөрү” (2012), “Адабият жана дүйнөтааным” (2019) аттуу изилдөө эмгектеринин, 100дөн ашык илимий макаланын автору.