Blog Image

«Аль-Фажр» коомдук фонду менен билим берүү жана илим тармагында кызматташуу боюнча келишим

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева жана «Аль-Фажр» коомдук фондунун директору Эрмек Айтышев билим берүү жана илим тармагында кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту.
Аталган келишимде белгиленгендей, «Аль-Фажр» коомдук фонду тарабынан университеттин Теология жана араб тили кафедрасынын дарсканалары оңдолуп, окуу процессине ылайык жабдылат. 
Ошондой эле, окуу жайдын поликлиникасы заманбап медициналык жабдуулар (Флюорография, УЗИ аппараты, гинекологиялык жана стоматологиялык жабдуулар) менен камсыздалат.