Blog Image

«Аллель эмес гендердин өз ара аракеттенишүүсүндөгү тукум куучулук” деген темада ачык лекция өтүлдү

Биология жана химия факультетинин Жалпы биология жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын башчысы, биология илимдеринин кандидаты, профессор Гульнара Шаршеналиева «Генетика» предмети боюнча «Аллель эмес гендердин өз ара аракеттенишүүсүндөгү тукум куучулук” деген темада ачык лекция окуду. Ачык сабакка факультеттин окуу-усулдук кеңешинин төрайымы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Айгүл Абдыкапарова, факультеттин профессордук-окутуучулар курамы катышты. Сабакта инновациялык жана интерактивдүү методдор: мээге чабуул, кьюбинг, кош беттүү күндөлүк методдору колдонулуу менен, окутуунун күтүлгөн жыйынтыгы аныкталды. Лекция педагогикалык чеберчилик менен өтүлүп, студенттер менен кайтарым байланыш түзүлдү. Өтүлгөн сабактын болочокто практика жүзүндө колдонулуусу керек экендиги белгиленди. Лектор теоретикалык билимин, педагогикалык тажырыйбасын көрсөтө алды. Сабак максатына жетти жана жогорку квалификациялык деңгээлде өтүлгөндүгү белгиленди.