Blog Image

АлтМУда окуган кыргызстандык магистранттар диссертацияларын онлайн коргошту

19-февраль кунү И.Арабаев атындагы КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун директору Чолпон Койчуманова менен Алтай мамлекеттик университетинин Тарых жана эл аралык мамилелер институтунун директору И.И.Назаровдун ортосунда онлайн байланыш түзүлүп, анда АлтМУда кош дипломдуулук программасы боюнча окуган кыргызстандык магистранттар диссертацияларын онлайн коргоо боюнча сүйлөшүү жүргүзүлдү. Магистранттар Нурхат Иманкулова, Айгиза Осмоналиева, Касымбек кызы Тинатин жана Светлана Сотовалдиева 2021-жылы АлтМУга Чет өлкөлүк аймак таануу: заманбап арт-практикадагы түрк-монгол дүйнөсүнүн этникасы багыты боюнча магистратурага тапшырышкан. 20-февраль күнү онлайн форматта магистрдик диссертацияларын коргошту. Магистратурада окуу жана диссертацияларын коргоо И.Арабаев атындагы КМУ менен Алтай мамлекеттик университетинин ортосунда түзүлгөн меморандумдун негизинде жүргүзүлдү. Магистранттардын илимий жетекчиси тарых илимдеринин доктору, профессор С.К.Алымкулова жана тарых илимдеринин кандидаты, доцент И.В.Анисимова бекитилген. Илимий иштерди коргоодо бардык талаптар аткарылып, комиссия магистранттардын ишин жогору баалашты.