Анкара Социалдык Билимдер университетинде билим алып жаткан КМУнун студенттери окуусун ийгиликтүү аяктады
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Теология факультетинин студенттери Сабрина Хасанбаева жана Муслима Садирова Түркия мамлекетинин Анкара Социалдык Билимдер университетинде академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында билим алып жаткан окууларын ийгиликтүү аяктады.
Академиялык мобилдүүлүк программасы алардын билим берүү чөйрөсүндөгү жаңы тажрыйбаларын арттырып, эл аралык деңгээлде өз ара тажрыйба алмашууга жана жаӊы билимдерге ээ болууга мүмкүнчүлүк берди.
Ошондой эле, илимий иштерге, эл аралык байланыштарга жана жаңы билим алуу жолдорун изилдөөгө жана келечектеги кесиптик өнүгүүсүнө чоң өбөлгө түздү.