Blog Image

"Асман тиреген тоолордун өлкөсү – Кыргызстанды И.Арабаев атындагы КМУ менен бирге тааны” кышкы лагеринин биринчи күнү

"Асман тиреген тоолордун өлкөсү – Кыргызстанды И.Арабаев атындагы КМУ менен бирге тааны” кышкы лагеринин биринчи күнүндө И.Арабаев атындагы КМУнун тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультети кызыктуу программа тартуулады.

Профессор Назира Курбанова Улуттук тарых музейинде «Тарыхка экскурсия» деген обзордук лекциясын өткөрдү. Лекциянын максаты - кыргыз элинин байыркы доордон азыркы мезгилге чейинки тарыхынын негизги учурларын чагылдыруу.

Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультети тарабынан сунушталган программа БУУнун №5 Туруктуу Өнүктүрүү Максаты (ЦУР) менен үндөш болгон «Кыргыз Республикасындагы аялдардын укуктары» темасындагы чакан лекциялардан, видео презентациялардан турат.

Профессордун м.а. Жоошбекова А.Р. өзүнүн курсунда салттуу кыргыз коомундагы аялдардын ролу темасын ачып берди.

Профессор Каана Айдаркул азыркы кыргыз коомундагы аялдын орду, үй-бүлөлүк баалуулуктар темасын ачып, “Ала качуу” социалдык видеоролигин тартуулады.

Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин программасы «Кыз узатуу» театралдаштырылган оюн-зоок менен аяктады.