Blog Image

"Асман тиреген тоолордун өлкөсү – Кыргызстанды И.Арабаев атындагы КМУ менен бирге тааны” кышкы лагеринин ачылыш аземи

Илимий китепканасынын залында “Асман тиреген тоолордун өлкөсү – Кыргызстанды И.Арабаев атындагы КМУ менен бирге тааны” кышкы лагеринин ачылыш аземи болуп өттү. Лагерь, Азия-Тынч океан аймагындагы университеттердин мобилдүүлүгүн уюштуруу программаларынын алкагында ишке ашырылып жатат (UMAP). Лагерди КМУнун ректору Айгүл Абдраева куттуктоо сөзү менен ачып берди. Аталган иш-чарага университеттин проректорлору, курам жетекчилери жана студенттери катышууда.