Blog Image

“Асман тиреген тоолордун өлкөсү – Кыргызстанды И.Арабаев атындагы КМУ менен бирге тааны” кышкы лагеринин экинчи күнү

“Асман тиреген тоолордун өлкөсү – Кыргызстанды И.Арабаев атындагы КМУ менен бирге тааны” кышкы лагеринин экинчи күнү Туруктуу Өнүктүрүү Максаты (ЦУР) №12, №13 темаларына арналды.

География, экология жана туризм факультетинин доцентинин м.а. Г.Т.Жалилова климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу көйгөйлөргө, Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнүн алкагында жашыл экономиканы өнүктүрүү демилгелерине сереп салып, Кадамжайдагы күрүч өндүрүшүнүн көмүртектүү изин изилдөөнүн жыйынтыктарын көрсөттү. Долбоордун маалыматтарынын негизинде айыл чарбасындагы учурдагы абалды жана бул сектордогу жашыл өнүгүүнүн мүмкүн болгон жолдорун ачып берди, мындан сырткары студенттерди циркулярдык экономика концепциясы жана анын Кыргызстанда колдонулушу менен тааныштырды.