Blog Image

"Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнүнө карата иш чара өттү

Бүгүн И.Арабаев атындагы КМУ жана "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси менен биргеликте, 3-март Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнүнө карата иш чара өткөрдү. 

Аталган иш чаранын максаты кыргыз элинин улуттук нарк-насилин, тарыхын унутта калтырбай жаштар арасында жайылтуу болуп саналат. Салтанатка ардактуу конок катары, Мамлекеттик туунун автору, КР Эл сүрөтчүсү, “Даңк” медалынын ээси Жусуп Матаев, Мамлекеттик туунун автору, КР Эл сүрөтчүсү, “Даңк” медалынын ээси Бекбосун Жайчыбеков чакырылган. 

Майрамдык иш-чараны "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин директору Боромбаев Рыскул Мамбеткулович сөз сүйлөп ачып берди. Окуу жайыбыздын студенттери менен Улуттук Гвардиянын жоокерлери да катышты. Майрамдык иш-чарада студенттер Кыргыз өлкөсүнүн туусу тууралуу докладдарын окуп беришти. 

Ошондой эле катышуучулар туунун авторлоруна кызыккан суроолорун узатып,  жооп ала алышты. Салтанатта туунун авторлоруна, Мамлекеттик символикаларынын жаралышына жана маанисин жаштар арасында жеткирүүдө кошкон салымдары үчүн атайын сыйлыктар тапшырылды. Соңунда И.Арабаев атындагы КМУнун уюштуруучулары, студенттери, мемориалдык комплекстин кызматкерлери, жана Гвардиянын жоокерлери менен биргеликте эсетелике сүрөткө түшүү аземи менен жыйынтыкталды. 

Эске салсак И.Арабаев атындагы КМУда мындай иш чаралар байма-бай өткөрүлүп турат.