Blog Image

Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата студенттер арасында “Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” аттуу сынак өткөрүлдү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата студенттер арасында “Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” аттуу сынак өткөрүлдү.

Аталган сынакка жалпысынан 15 команда катышып, төмөндөгү төрт багыт боюнча таймашты.

1. “Көбүрөөк сөз тап”. Аталган бөлүмдө экранда көрсөтүлгөн тамгалардан И.Арабаевдин эмгек жолу, ишмердүүлүгүнө байланышкан сөздөрдү куроо.

2. Kahood программасынын жардамы менен тарых, дүйнө атактуулары, география, улуттук каада-салт темаларында интеллектуалдык суроолор

3. Текстти тез терүү конкурсу

4. Canva, Corel Draw программаларынын жардамы менен команданын символун чечмелеп берүү.

Калыстар тобу:

Досаалы Иманбердиев – Окуу программаларынын сапаты жана окуу усулдук ишмердүүлүктү уюштуруу бөлүмүнүн башчысы;

Назира Муратаева – Маалымат технологиялар борборунун адиси;

Кубан Мукудин уулу – Физика-математикалык билим берүү жана маалыматтык технологиялар факультетинин окутуучусу.

Сынактын жыйынтыгында төмөндөгу командалар жеңүүчү аталды:

1-орун - Физика-математикалык жана маалыматтык технологиялар факультети, "Феникс" командасы

2-орун - Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультети, "Чептен эрдин күчү бек" командасы

3-орун - География, экология жана туризм факультети, "Эверест" командасы.

Жеңүүчүлөр кубок, грамота, диплом менен сыйланышты. Ал эми катышуучуларга кызыктыруучу белектер тапшырылды.

Жаштар жана социалдык маданий иштер бөлүмү тарабынан уюштурулган сынак обондуу ырлар менен коштолду.