Blog Image

Атайын педагогика жана психокоррекция кафедрасынын башчысы Ташкент шаарына иш сапары менен барды

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институтунун Атайын педагогика жана психокоррекция кафедрасынын башчысы Замира Жапарова Инклюзив боюнча өлкөлөр аралык тажрыйба алмашуунун алкагында Өзбекстандын Ташкент шаарында таанышуу сапары менен жүрөт. KIX EMAP хабынын өлкөнү оперативдүү колдоо программасынын алкагында Грузиядан, Молдовадан, Тажикстандан жана Швейцариядан келген делегация билим берүү мекемелеринде болушту.