Blog Image

Атайын педагогика жана психокоррекция кафедрасынын студенттери жана окутуучулары “Инклюзивдик театр ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жана жаштарды тарбиялоонун формасы катары” аттуу мастер-класска катышты

22-ноябрда РД 11-21 тайпасынын студенттери атайын педагогика жана психокоррекция кафедрасынын окутуучулары Д.Э. Дунганова жана Н.М. Тогузбаева менен бирге «Инклюзивдик театр ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана жаштарга билим берүүнүн формасы катары» аттуу мастер-класска катышты. Бул иш-чара К.Баялинов атындагы Республикалык китепкананын базасында «Жаңыртуу» коомдук фонду тарабынан уюштурулуп, өткөрүлдү жана Эл аралык майыптарды колдоо күнүнө арналды.