Август конференциясынын алкагында “Улуу педагогдор аллеясы” түзүлдү
И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтуна иш-чаранын алкагында кыргыз жана орус улуу педагогдорунун аллеясын жасап чыгуу тапшырмасы берилген. Анда, 100 жылдын аралыгында улуу педагогдордун арасынан 15 кыргыз жана 15 орус улуу педагогдорунун ысымдары аныкталды. Кыргыз педагогдорунун сап башында турган алгачкы агартуучу Ишеналы Арабаевден баштап Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алгандан кийин “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамын кабыл алууга активдүү катышкан мыйзамдын демилгечиси Жанкороз Каниметовдун ысымдары бар. Улуу педагогдордун арасында илимдин өкүлдөрү, агартуучулар, билим берүү министрлери, Эл мугалимдери да бар. Жаңы инновациялык көз карашта “Педагогдордун аллеясын” түзгөндө педагогдун сүрөтү, анын билим берүүгө тиешелүү балдарды тарбиялоодо ийгиликтүу ойлорун келтирип, азыркы учурда санариптик технологияны колдонуу менен QR-код аркылуу маалымат жүктөлгөн.
Педагогдор аллеясында кыргыздын чыгаан агартуучусу, коомдук ишмер Базаркул Данияров, кыргыз совет тилчиси, улуттук туңгуч лексикограф жана лексиколог Кусейин Карасаев, кыргыз тил илиминин негиздөөчүсү, азыркы кыргыз адабиятына негиз салгандардын бири, агартуучу, коомдук ишмер, биринчи кыргыз профессору Касым Тыныстанов, агартуучу, журналист, мамлекеттик жана саясий ишмер Осмонкул Алиев, алгачкы 20–30-жылдардагы агартуучулардын бири, туңгуч методист, калайык-калктын сабатсыздыгын жоюу ишине активдүү эмгек сиңирген,К кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасына алгач чыйыр салган Сатыбалды Нааматов, педагог, кыргыздын туңгуч экономисти, экономика илимдеринин кандидаты, Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмер Муса Рыскулбеков, педагог, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими Көкөбай Мамбеталиев, хирург, медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын академиги, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген врачы Какиш Рыскулова, Кыргыз ССРинин эмгеги сиңирген мугалими, СССРдин эл мугалими Жаманкул Үтүров, кыргыз жана орус тилдеринде жазган советтик жана пост-советтик жазуучусу, Кыргыз ССРнин эл жазуучусу Чынгыз Айтматов, тарыхчы, педагогика илимдеринин доктору, профессор Магрифа Рахимова, педагог, педагогика илимдеринин доктору, профессор Исак Бекбоев, педагог, КРдин эл мугалими, 1979-1991-жылдары Билим берүу министри Мукаш Базаркулов, педагог, мамлекеттик ишмер, педагогика илимдеринин доктору Жангороз Каниметов.
Ошондой эле, 15 орус улуу агартуучуларынын тизмеси педагогика илимдеринин доктору, РББА мүчө-корреспонденти Андрей Викторович Хуторскойдун “150 знаменитых русских педагогов” аталышында басылып чыккан жыйнагынан алынган.