Blog Image

«Аялзат аалам ажары» аталышында иш-чара өттү

И. Арабаев атындагы КМУнун Гуманитардык-педагогикалык колледжинин “Дизайн жана гуманитардык билим берүү” бөлүмү, “Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл форуму” эл аралык коомдук бирикмесинин вице-президенти Динара Жумабаева менен биргеликте “Ч. Айтматов атындагы Ысык-Көл форуму” жана Нооруз майрамына карата «Аялзат аалам ажары» аталышында иш-чара өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө, “Тоо булбулдары” аталышындагы сүрөт көргөзмө жана студенттердин дипломдук иши көрсөтүлдү. Иш-чара Дордой плаза соода борборунда өттү. Дипломдук иштин көркөм жетекчилери Гульзат Сагымбаева, Бактыгүл Турганбаева Жазгүл Янгибаева.
Динара Жумабаева  Гуманитардык-педагогикалык колледжинин көркөм жетекчилерине ыраазычылык каттарын тапшырды.