Blog Image

«Аймак таануу» багыты боюнча ачык сабак өттү

27-февраль күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Японтаануу институтунда ага окутуучу Майрамкүл Исаева «Аймак таануу» багыты боюнча 1-курстун РЛ 1 22 тайпасынын студенттери үчүн ачык сабак өттү. Ачык сабак «Тэ формасы. Этиш сөз айкаштарынын кошулмалары» аталышындагы темада жүрдү.

Аталган институттун ага окутуучусу сабакты жандуу, оюн түрүндө, жеткиликтүү формада өтүп, студенттер сүйлөмдөрдү түзүп, дароо практикада колдонууга үйрөнүштү.

Ошондой эле сабакка японтаануу боюнча мугалимдер жана институттун дирекциясы катышты.