Аймак жана маданият таануу кафедрасынын окутуучулары ЖАМУда өткөн “Өмүрү өрнөк инсандар” аталышындагы илимий-практикалык конференцияга катышты
Үстүбүздөгү жылдын 12-майында окуу жайдын Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин Аймак жана маданият таануу кафедрасынын окутуучулары А.Абдыкеримова жана Ш.Кармышакова Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетиндеги Насирдин Исановдун 80-жылдыгына арналган “Өмүрү өрнөк инсандар” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып келишти.
Белгилей кетсек, буга чейин ЖАМУ Насирдин Исановдун 80-жылдыгына карата республикадагы ЖОЖдордун профессордук-окутуучулук курамдар жана студенттер арасында "Өмур бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин", "Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө салым кошкон тарыхый инсандар" , "Кыргыз эл баатырлары", "Кыргызстандык жоокерлердин эрдиги", "Советтер Союзунун баатыры Тукубай Тайгараевге 100 жыл" деген темаларда мыкты илимий макала жазуу боюнча сынак жарыялаган. Жыйынтыгында, саясий илимдеринин кандидаты, доценттин милдетин аткаруучу Алия Абдыкеримованын “Дүйнөлүк жаңы чакырыктардын жана коркунучтардын контекстинде миграциялык карама-каршылыктардын аспектилери” деген темадагы баяндамасы мыкты деп табылып, ыраазылычык кат менен сыйланды.
Аны менен катар, А.Абдыкеримова ЖАМУнун окутуучуларына жана студенттерине "Миграция процесстеринин оң жана терс жактары" аттуу конок лекция окуду.