Blog Image

Аймак жана маданият таануу кафедрасынын окутуучусу Мария Высоцкая "Новатор-айым" номинациясына ээ болду

Бүгүн, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин Аймак жана маданият таануу кафедрасынын окутуучусу, философия илимдеринин кандидаты, доценттин м.а. Мария Высоцкая Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги тарабынан уюштурулган сынакта "Новатор-айым" номинациясын жеңип, диплом жана статуэтка менен сыйланды. 
Кыргызпатенттин инновациялык борборунда Интеллектуалдык менчиктин эл аралык жана улуттук күнүнө карата "Аялдар жана интеллектуалдык менчик – инновациялардын жана чыгармачылыктын катализатору" аталышындагы иш-чара уюштурулган. 
Иш-чарага КР Президентинин Администрациясынын өкүлдөрү, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, элчиликтердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ойлоп табуучулар, авторлор, чыгармачыл коомчулуктун, министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү жана И.Арабаев атындагы КМУнун Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айсулу Бейшенова катышты.
Белгилей кетсек, Интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюму 2023-жылды “Аялдар жана интеллектуалдык менчик – инновациялардын жана чыгармачылыктын катализатору” жылы деп жарыялаган.  Илимий ишмердүүлүктө албан ийгиликтерге жетүү үчүн, ар тараптуу тажрыйбасы мол, кесипкөй адистердин башын бириктирүү жана кызматташуу  өтө маанилүү. Мындан улам, Кыргызпатент илим тармагында ишмердүүлүгүн баштаган айымдарга жолугушууга мүмкүнчүлүк түзүп, “Айым-окумуштуу ”, ”Айым ойлоп табуучу", “Новатор-айым”, “Илимдеги айымдар командасы”, “Илимдеги кыз” номинацияларына сынак жарыялаган. 
Мария Высоцкая Москва жана Бишкек шаарындагы психоанализ жана психотерапияны өнүктүрүү боюнча Европа ассоциациясынын мүчөсү, калктын психологиялык сабаттуулугун жайылтуу боюнча долбоорду жетектейт. Ошондой эле ал  Кыргызстан, Өзбекстан, Украина, Казакстан, Россияда өткөн эл аралык конференцияларда, фестивалдарда көптөгөн баяндамаларды жасаган.