Blog Image

“Азыркы күндөгү көркөм котормонун абалы” деген темада кереге кеңеш

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Азыркы күндөгү көркөм котормонун абалы” деген темада кереге кеңеш өттү.

Кереге кеңеш Эл аралык эне тил күнүнө карата КР Улуттук жазуучулар союзу, “Бугу пресс” басма үйү жана И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институту тарабынан уюштурулду. Аны менен катар эгемендик мезгилинде жарык көргөн көркөм котормо жаатындагы китептердин көргөзмөсү орун алды.

Аталган иш-чарага көркөм котормо боюнча адистер, адабиятчылар, сынчылар, илимпоздор, жазуучулар, котормочулар, изденүүчүлөр, докторанттар, аспиранттар жана студенттер катышты.

Кереге кеңешти университеттин ректору Айгүл Абдраева сөз сүйлөп ачып берди. Андан соң, КР Улуттук жазуучулар Союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков котормо темасына байланышкан ойлорун ортого салды.

Иш-чарада “Бугу пресс” басма үйүнүн жетекчиси жана “Баластан” интерактив журналынын негиздөөчүсү Жаныбек Абидетегин баяндама жасады. Андан соң, кереге кеңештин катышуучулары арасында талкуу орун алды.

Кыргыз көркөм котормосу улуттук профессионалдык адабият менен дээрлик бир мезгилде башталып, тажрыйба топтоо жагынан бирдей жолду басты. Кыргыз адабиятынын, гүлдөгөн доору өткөн кылымдын 60-70-жылдарына туура келсе, кыргыз көркөм котормосу дагы өзүнүн негизги жемишин саны жана сапаты жактан ушул жылдары жогорку тепкичке көтөрүлдү. Кыргыз жазуучулары, котормочулары боордош элдердин адабиятынан тартып, дүйнөлүк адабияттын шедеврлерине, үлгүлөрүнө тиш салууга батынышты. Ошентип, котормо адабиятынын горизонту кеңейди.

Эгемендик мезгил алгач калемгерлерди апкаарыткан, чочуткан болсо дагы, бул жылдар ичинде адабияттын бир салаасы катары аталган жанр өзүн өстүрүп жүрүп отурду. Акыркы жылдары эле алыскы Америка жазуучуларынын 10дон ашык романдары, Герман Гессе сыяктуу немис жазуучуларынын чыгармалары түп нускадан которулуп, жаңы изденүүлөрдү байкатты. Алардын көркөмдүк бөтөнчөлүгү, түп нуска менен катыштык, сапаттык деңгээли кандай, көркөм котормонун келечеги үчүн эмнелерди эске алуу керек деген суроолор жагдайында уюштурулуп жаткан бул кереге кеңеш көп ойлорду ортого салууга мүмкүндүк берди.