Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда “Spelling inconsistencies in English” деген темада конок лекция болду

Бүгүн, университеттин Чет тилдер жана компьютердик лингвистика институтунун Англис тилинин технологиясы, теориясы жана практикасы кафедрасынын 3-4-курсунун студенттерине, магистранттарына  жана профессордук-окутуучулук курамына конок лекция уюштурулду. Ага Ала-Тоо Эл аралык университетинин гуманитардык жана социалдык илимдер факультетинин чет тилдер жана адабият кафедрасынын доценти Назарбек Акылбек уулу чакырылган. Конок лекцияда англис тилиндеги орфографиялык карама-каршылык боюнча керектүү маалыматтар берилип, кызыктуу суроо жооптор болду .  Ал эми профессордук-окутуучулук курам ортосунда тыгыз байланыш түзүлгөнү айтылып, өз ара тажрыйба алмашууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү.