Blog Image

“Бүгүнкү күндөгү спорт адамдарынын сырлары”

Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун китепканасында “Бүгүнкү күндөгү спорт адамдарынын сырлары” аталышында тегерек стол болду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери, 12 чемпиондук курунун ээси, ММА, панкратион боюча Евразия жана Азиянын чемпиону Алмаз Акун; аскердик джиу-джитсу жана кармаш урушу боюнча эл аралык класстагы спорт чебери, Борбор Азия жана дүйнө чемпиону Турсунбек Асылгазиев; оор атлетика боюнча спорт чебери, спорттун бодибилдинг түрүнөн КР бир нече жолку чемпиону, таяк тартыш боюнча Азиянын абсолюттук чемпиону, Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунун 2 жолку чемпиону Келдибек Атайбек уулу; футбол боюнча “Алга” командасынын машыктыруучусу Мирбек  Шабданов;  волейбол боюнча Зоналык Азия Чемпиону 2016, КРнын Мыкты оюнчусу 2018, волейбол боюнча спорт чебери, взводдун командири, лейтенант, азыркы учурда Улуттук курамдын мүчөсү Дамир Газинур уулу; күрөш боюнча дүйнө чемпиону, Азия чемпиону, дзюдо,  алыш күрөшү боюнча спорт чебери, И.Арабаев атындагы КМУнун сыймыктуу бүтүрүүчүсү Сарбашева Нагира; СССРдин ок атуу боюнча спорт чебери, И.Арабаев атындагы КМУнун кадрлар бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Бердалиева; илим, эл аралык коммуникациялар жана инновациялар боюнча проректору Айсулу Бейшенова жана Дене тарбия факультетинин деканынын м.а. Каныбек Сарымсаков катышты.

Бүгүнкү болуп өткөн тегерек столдун максаты: жаш, өсүп келе жаткан муунду шыктандыруу, сергек жашоого тартуу жана өлкөнүн атын чет элге чыгара турган спорт чеберлерин даярдоо болуп саналат.

Аталган иш-чарада чемпиондор, студенттер менен маектешип, окуу жайдын билим алуучулары кызыктырган суроолорун узатып, канааттаандырарлык жооп алышты. Жолугушуунун соңунда студенттер, чемпиондор менен сүрөткө түшүү аземи менен жыйынтыкталды