Б.Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын “АРАБАЕВ - ЖЕТИ КҮН" спектаклинин премьерасы өттү
4-декабрь күнү Кыргыз мамлекеттик Б.Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири, агартуучу жана коомдук ишмер И.Арабаевге арналган “АРАБАЕВ - ЖЕТИ КҮН" спектаклинин премьерасы өттү.
Иш-чарага КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Окуу иштери боюнча проректор Раушанбек Зайниев, Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.
Спектаклдин авторлору көрүүчүлөргө тарыхтын белгисиз жактарын ачып, Уфадагы “Галия” медресесинде билим алган кыргыз жаштарынын билимге умтулуусу, биримдик идеясын жайылтуусу жана ошол доордогу коомдук кыймылдар тууралуу кеңири баяндама беришти.
Спектаклдин жүрүшүндө жаш актерлор И. Арабаевдин өмүрүндөгү эң маанилүү учурларды, анын ичинде сүйүүсү, агартуучулук ишмердүүлүгү жана мамлекеттик кызматтагы аракеттерин ишенимдүү көрсөтүштү. КР эмгек сиңирген артисти, режиссёр Назым Мендебаиров бул чыгарманы жогорку чеберчилик менен сахналаштырган.
Бул спектакль жаштарга кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндө жаш муундардын ролун түшүнүүгө жардам берип, алардын мекенчил сезимин ойготту.