Балдар волейбол курама командасы Бангладеште
И.Арабаев атындагы КМУнун студенти Бангладеште өткөн турнирде күмүш медалга ээ болду.
Кыргыз Республикасынын балдар волейбол курама командасы Бангладештин Дакка шаарында өткөн Азиянын борбордук зонасынын CAVA U-23 турнирине катышып, күмүш медалга ээ болду. Белгилей кетсек, университетибиздин Дене тарбия факультетинин 3-курсунун студенти Амангелди уулу Афтандил аталган команданын оюнчусу. Андыктан, студентибиз Афтандилди окуу жайдын атынан жеңиши менен куттуктайбыз!