Blog Image

Балтика федералдык университетинде окуп жаткан И.Арабаев атындагы КМУнун студенттери Нооруз майрамын белгилешти

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Гуманитардык билимдер факультетинин Орус тили жана адабияты кафедрасынын студенттери И. Кант атындагы Балтика федералдык университетинде Нооруз майрамына арналган иш чарага катышышты.

Бул сыяктуу майрамдык салтанаттарга биздин окуу жайдын студенттери БФУнун иш-чараларына дайыма активдүү катышып келишет. Болуп өткөн майрамдык кечеге окуу жайыбыздын студенттери тарабынан даярдаган кыргыз маданияты программасы тартууланып, улуттук кийим-кече, баш кийим жана улуттук музыкалык аспап – комуз, көргөзмөгө коюлуп, Балтика федералдык университетин ректору тарабынан мактоого татыды.

Бул иш-чаранын максаты – кыргыз элинин каада-салтын, үрп-адатын чет мамлекетте окуп жаткан студенттерге жакындан тааныштыруу болуп саналат.