Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз - Өзбек эл аралык университетинде И.Арабаевдин 140 жылдыгы белгиленди
2022-12-05
Ош шаарындагы Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз - Өзбек эл аралык университетинде И.Арабаевдин 140 жылдыгында карата эл аралык конференция өткөрүлдү.
Аталган иш чарага университеттин атынан “Арабаев таануу” илим изилдөө институтунун директору, тарых илимдеринин кандидаты Жумагул Байдилдеев катышып, “Э.Арабаевдин – коомдук-саясий ишмердүүлүгү архивдик булактарда” аттуу темада баяндама жасады.