Blog Image

Белгилүү чыгыш таануучу Сейтек Качкынбаев КМУнун студенттери менен “Жашоодо эркин ойлонуу, демократиялык баалуулуктарды таркатуу миссиясы” тууралуу бөлүштү

Бүгүн, 14-февраль күнү, И.Арабаев атындагы КМУнун Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун чет тилдери боюнча кесиптик билим берүү бөлүмүнүн "Студенттик парламенти" тарабынан 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата конок-лекция уюштурулду.
Конок-лекцияны көп тилде эркин сүйлөгөн, чыгыш таануучу, агартуучу, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев өттү. Полиглот Сейтек Качкынбаев кыргыз, орус, англис, кытай, япон, корей, монгол тилдеринде эркин сүйлөйт. Ал “Жашоодо эркин ойлонуу, демократиялык баалуулуктарды таркатуу миссиясы” тууралуу бөлүштү. Чет тилдерин өздөштүрүүдө 7 сырынын 1-сырын студенттерге ачып берип, аларды кызыктырып, калган 6 сырын Facebook, Instagram баракчасында 1-сыры боюнча көнүгүүлөрдү аткарган студенттерге бөлүшүп, ачып берүүну убадалады.
Лекцияга университеттин чет тилдерди окуган студенттери, окутуучулар катышып, берген суроолоруна кызыктуу жоопторду алышты.