Blog Image

Белгилүү кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов КМУнун студенттери менен жолукту

Бүгүн И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине  Гималайдын эң бийик чокуларынын бири Ама Дабламды багындырган белгилүү кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов келип, университеттин студенттери менен жолугушту.
Жолугушууга окуу жайдын ректору Айгүл Абдраева, Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, курам жетекчилери жана студенттер катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов Эверестке жана дүйнөнүн башка чокуларына чыгуу тажрыйбасы менен бөлүшүп, студенттердин суроолоруна жооп берди. Бул жолугушууда Эдуард Кубатов ийгиликке жетүүнүн сырлары менен бөлүшүп, убакытты туура бөлүштүрүү керектигин, алдыга койгон кыялына жетүү үчүн, күн сайын өзүн ар тараптан өнүктүрүүнүн үстүндө иштей турганын билдирди. Ошондой эле студенттерге мотивация берип, талыкпай билим алууга чакырды.