БФУнун Билим берүү жана психология Жогорку мектебинин директору, профессор М.Храмова менен Педагогика жана психология институтунун профессордук-окутуучулар жамааты жолугушту
28-ноябрда И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтунун профессордук-окутуучулар жамааты И.Кант атындагы Балтика федералдык университетинин Билим берүү жана психология Жогорку мектебинин директору, п.и.д., профессор М.Храмова менен жолугушту.
Жолугушууда бакалавр-магистратура боюнча окуу пландар талкууланып, бул кызматташтыктын негизинде бүтүрүүчүлөрдүн бюджеттик негизде магистратурага тапшыруу мүмкүнчүлүгү бар экени айтылды.
Профессор М.Храмова КМУнун Педагогика жана психология институтунун профессордук-окутуучулук курамына, аспиранттарына жана магистранттарына, студенттенине «Цифровой этикет и цифровая гигиена в педагогике» деген темада лекция окуду.