Blog Image

“Билим берүүдөгү илимий инновациялык тенденциялар” аттуу кереге кеңеш

2022-11-11

11-ноябрда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети Билим берүү жана илим министрлиги менен бергеликте Эл аралык илим күнүгө карата “Билим берүүдөгү илимий инновациялык тенденциялар” аттуу кереге кеңеш өткөрдү.

Аталган иш чарага Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Улуттук илимдер академиясынын, Улуттук аттеттациялык комиссиясынын өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын ректорлору ж.б. катышышты.

Кереге кеңештин жүрүшүндө баяндамалар жасалып, “Кыргызстандагы университет 4.0 жараянынын азыркы абалы жана келечеги”, “Билим берүүдөгү илимий инновациялык тренддер” темалары талкууланды.

Ошондой эле, иш чарада илимий көргөзмө орун алды.

Кереге кеңештин соңунда Билим берүү жана илим министрлигинин "Илимдин мыктысы" жана “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгилери менен сыйлоо аземи болду.