Blog Image

«Билим берүүдөгү интеграция маселелери жана мамилелер: Ишеналы Арабаевдин агартуучулук жана коомдук-саясий ишмердигинин улантылышы, заманбаптуулугу» аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция

Бүгүн, 22-декабрда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде агартуучу-илимпоз Ишеналы Арабаевдин 140 жылдык мааракесине арналган «Билим берүүдөгү интеграция маселелери жана мамилелер: Ишеналы Арабаевдин агартуучулук жана коомдук-саясий ишмердигинин улантылышы, заманбаптуулугу» аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.

Конференцияга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев, Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева, Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, окуу жайдын ректору Айгүл Абдраева, коомдук ишмерлер, окумуштуулар жана чет өлкөдөн келген делегаттар катышышты.

И.Арабаев атындагы КМУнун алдыңкы педагогдоруна Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы тапшырылды.

Ошондой эле, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге жана Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсаловго И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ардактуу профессору наамы ыйгарылды.

Мааракелик иш чаранын алкагында «Агартуучуга – таазим!» аталышындагы кол өнөрчүлүк жана сүрөт көргөзмөсү, Ишеналы Арабаевдин улуттук билим берүүнүн түптөлүшүнө кошкон салымын, агартуучулук, коомдук-саясий ишмердүүлүгүн чагылдырган тарыхый-мемуардык эмгектердин көргөзмөсү жана И.Арабаевдин ишмердүүлүгүнө арналган илимий эмгектердин «Устаттыктын улуу уңгусу» аталышындагы китеп көргөзмөлөрү тартууланды.

Конференциянын катышуучуларына окуу жайдын тарыхын, ишмердүүлүгүн жана ийгилигин чагылдырган «И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети өнүгүү жолунда» аттуу таанытуу видеосу көрсөтүлдү.

Төмөндөгү секциялар боюнча кыргыз, казак, өзбек ж.б. окумуштуулары тарабынан пленардык докладдар жасалды:

1-секция “И. Арабаевдин агартуучулук, коомдук-саясий ишмердүүлүгү жана Кыргызстан тарыхынын актуалдуу маселелери”

2-секция (А) “Кыргыз Республикасында билим берүүнүн ѳнүгүү тенденциялары”

3-секция (А) “Кыргыз Республикасында филологиялык билим берүүнүн ѳнүгүү тенденциялары”

3-секция (Б) “Кыргыз Республикасында философиялык билим берүүнүн ѳнүгүү тенденциялары”

4-секция (А) “Кыргыз Республикасында табигый-илимий билим берүүнүн ѳнүгүү тенденциялары”

4-секция (Б) “Кыргыз Республикасында физика-математикалык билим берүүнүн ѳнүгүү тенденциялары”

5-секция “Кыргыз Республикасында социалдык-экономикалык билим берүүнүн ѳнүгүү тенденциялары”.

Конференциянын соңунда резолюция кабыл алынды.