Blog Image

“Билим берүүнү санариптик трансформациялоо шартында педагогдун заманбап компетенциялары” аттуу эл аралык форум башталды

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Билим берүүнү санариптик трансформациялоо шартында педагогдун заманбап компетенциялары” аттуу эл аралык форуму башталды. Иш-чараны расмий түрдө ректор Айгүл Абдраева ачып берип, өзүнүн сөзүндө “форумдун максаты – бул эл аралык мамилелерди өнүктүрүү жана билим берүүнүн санариптик чөйрөсүн түзүүдөгү актуалдуу маселелерди талкуулоо” экендигин баса белгиледи. Ошондой эле, ректор “эл аралык кызматташтык биз үчүн абдан маанилүү, анткени ушундай эл аралык мамилелердин аркасында биз чет өлкөлүк окуу жайлардын академиялык мобилдүүлүгүн өнүктүрө алабыз”, - деп айтып өттү. “Өткөн окуу жылында биз университетибиз үчүн жаңы билим берүү программасы болгон PhD программасын ишке киргиздик. Биздин университет илимий жана билим берүү тармагында чоң тажрыйбага ээ, бул башка университеттерге пайдалуу болушу мүмкүн. Университетибиз билим берүү тармагындагы олуттуу жетишкендиктери үчүн Кыргыз Республикасынын Даңк ордени менен сыйланган жана «Жылдын университети-2022» Эл аралык сынагынын «Эл аралык өнөктөштүк» номинациясынын жеңүүчүсү. Бул биздин ийгилигибиздин башталышы гана экендигине чындап ишенебиз. Биз ар бир өнөктөш менен эл аралык кызматташтыгыбызды бекемдеп, келечекте сиздер менен бирге ийгиликке жетүү үчүн болгон күчүбүздү жумшайбыз!”, -деп Айгүл Абдраева форумдун катышуучуларына чоң ийгиликтерди жана жемиштүү иш алып барууну каалап кетти.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Абазбек  Расул уулу аталган форум билим берүү тармагында өтө актуалдуу экенин баса белгиледи.

Форумдун алкагында Искусство жана дизайн факультетинин сүрɵт кɵргɵзмɵсү  болду. Жана  Искусство жана дизайн бɵлүмүнүн “Чыгыш сырлары”, “Кыргыз каганаты” аталышындагы  этно-коллекциялары тартууланды. 

Эл аралык форумга Корея Республикасындагы  Кюнгвун университетинин эл аралык мамилелер жана билим берүү институтунун директору  Жу Янг Чун, Индиядагы Шарда университетинин ректору, профессор Прамод Кумар, Россия Федерациясынын  Президентине караштуу Россия эл чарбасы жана мамлекеттик кызмат академиясынын өкүлү, педагогика илимдеринин доктору, профессор Светлана Сучкова, И. Кант атындагы Балтика федералдык университетинин өкүлү, педагогика илимдеринин доктору, профессор Анна Бударина, Москва мамлекеттик лингвистика университетинин өкүлү Жеңишкүл Хулхачиева, Япониядагы «Next Seed» компаниясынын президенти Такахара Дайсуке жана Кыргызстандагы окумуштуулар катышууда.

Аталган форум 3күнгө созулуп, Чолпон-Ата шаарында уланат.