Blog Image

“Билим берүүнү санариптик трансформациялоо шартында педагогдун заманбап компетенциялары” аттуу эл аралык форуму Ысык-Көлдөгү "Аврора" пансионатында уланууда

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган “Билим берүүнү санариптик трансформациялоо шартында педагогдун заманбап компетенциялары” аттуу эл аралык форуму Ысык-Көлдөгү "Аврора" пансионатында уланууда.

Форумда окуу жайдын Илим, эл аралык коммуникациялар жана инновациялар боюнча проректору Айсулу Бейшенова модератордук кызматты аткарууда.

Анда темага байланыштуу кызыктуу баяндамалар жасалып, «Мугалимдин санариптик окутуу технологияларын ишке ашырууга даярдыгын калыптандыруунун педагогикалык шарттары», «Илим жана билим берүүнүн заманбап проблемалары» дисциплинасынын алкагында деген темаларда презентациялар болду.

Эл аралык форумга Корея Республикасындагы Кюнгвун университетинин эл аралык мамилелер жана билим берүү институтунун директору Жу Янг Чун, Индиядагы Шарда университетинин ректору, профессор Прамод Кумар, Россия Федерациясынын Академиялык жазуу борборунун директору, Жогорку экономика мектебинин академиялык компетенцияларды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, филология илимдеринин кандидаты, профессор Светлана Сучкова, И. Кант атындагы Балтика федералдык университетинин өкүлү, педагогика илимдеринин доктору, профессор Анна Бударина, Москва мамлекеттик лингвистика университетинин өкүлү Жеңишкүл Хулхачиева, Япониядагы «Next Seed» компаниясынын президенти Такахара Дайсуке жана Кыргызстандагы окумуштуулар катышууда.