Blog Image

“Билим берүүнү санариптик трансформациялоо шартында педагогдун заманбап компетенциялары” аттуу эл аралык форумунда баяндамалар жасалды

Чолпон-Ата шаарында өткөн “Билим берүүнү санариптик трансформациялоо шартында педагогдун заманбап компетенциялары” аттуу эл аралык форумда академиялык жазуу борборунун директору, Жогорку экономика мектебинин академиялык компетенцияларды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, филология илимдеринин кандидаты Светлана Сучкова «Санариптештирүү шартында басма иш-аракеттери үчүн академиялык жазуу көндүмдөрүн өнүктүрү» темасында семинар-тренинг өттү.

Белгилей кетсек, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган эл аралык форумга Корея Республикасындагы Кюнгвун университетинин эл аралык мамилелер жана билим берүү институтунун директору Жу Янг Чун, Индиядагы Шарда университетинин ректору, профессор Прамод Кумар, академиялык жазуу борборунун директору, Жогорку экономика мектебинин академиялык компетенцияларды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, филология илимдеринин кандидаты Светлана Сучкова, И. Кант атындагы Балтика федералдык университетинин өкүлү, педагогика илимдеринин доктору, профессор Анна Бударина, Москва мамлекеттик лингвистика университетинин өкүлү Жеңишкүл Хулхачиева, Япониядагы «Next Seed» компаниясынын президенти Такахара Дайсуке,Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын илимий иштер боюнча проректору, п.и.к.,доценттин м.а. Абдыбекова Н.А. жана Кыргызстандагы окумуштуулар катышты.