Blog Image

Билим берүү жана илим министрлигинин Коллегиясы И. Арабаев атындагы КМУда өттү

Бүгүн, 18-майда И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын реформалоонун багыттары боюнча Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин кезектеги Коллегиясы өттү.Коллегияны Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев ачып сөз сүйлөдү. Министрдин орун басары Расул Абазбек уулу модераторлук милдетин аркалады.

Окуу жайдын ректору Айгүл Абдраева И. Арабаев атындагы КМУнун өнүгүү стратегиясы, мүмкүнчүлүктөрү жана көйгөрлөрү тууралуу презентация жасады.

Иш-чарага Коллегиянын төрагасы, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри К.К. Иманалиев, катчысы М.Т.Мамытов, ал эми мүчөлөрү министрдин орун басарлары У.А.Усеков, Р. Абазбек уулу, Т.А.Ашымбаева жана аймактык 9 жогорку окуу жайлардын ректорлору жана педагогикалык багыттагы колледждердин директорлору катышты.

Министр Каныбек Иманалиев артта калган аймактык окуу жайларды окуу системасы боюнча алдыда бара жаткан университеттердин тажрыйбасын колдонууга, кызматташууга жана биргелишип билимдин сапатын көтөрүүгө аракет жасоо керектигин айтып, кийинки жылдан тарта окуу жайлардын рейтингин баалоодо алардын бүтүрүүчүлөрүнүн жумушка орношуу пайызы баалоого кошула тургандыгын билдирди.