Blog Image

Билим берүү жана илим министрлигинин Коллегиясынын катышуучулары Биология жана химия факультетинде экскурсияда болушту

Бүгүн И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри жана аймактык жогорку окуу жайлардын жана педагогикалык багыттагы колледждердин ректорлору кезектеги коллегиядан соң, окуу жайдын Искусство жана дизайн факультетинин Көркөм сүрөт жана дизайн кафедрасынын, Костюмдун технологиясы, көркөм чеберчилиги жана текстиль кафедрасынын коллекцияларынын көргөзмөсүнө күбө болушту.

Ошондой эле, Биология жана химия факультетиндеги Зоологиялык музейинде өтүп жаткан сабака катышып, физикалык химия лабораториясында аналитикалык тараза заттардын массасын тартуу, аналитикалык химия лабораторияда спектрофотометрде металлдардын нанобөлүкчөлөрүнүн коллоиддик эритмелерин тартып алуу менен таанышты. Экскурсияда биологиялык илимий-изилдөө лабораториясында биохимиялык анализатору жана альтами микроскобу презентацияланды.