Blog Image

Билимдүүгө дүйнө жарык

Бүгүн И.Арабаев атындагы КМУда “Билимдүүгө дүйнө жарык” аталышындагы студенттерге шыктандыруучу тренинги жана англис тилинен кыргызчага которулган “Эмне үчүн кээ бир өлкөлөр өнүкпөйт” китебинин презентациясы болду. Болуп өткөн тренингде чет мамлекетте билим алууну каалаган студеттерге чет өлкөдөгү билим алуу жөнүндө кеңири маалымат берилди. Аталган тренигди Сейтек Качкынбаев жана Эльдар Абакиров алып барып, окуу жайыбыздын студенттери менен жакындан баарлашып, кызыктырган суроолоруна жооп беришти.