Blog Image

“Биоартүрдүүлүк: изилдөөнүн натыйжалары, көйгөйлөрү жана перспективалары” аттуу II республикалык илимий-практикалык конференция өтүүдө

Бүгүн И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Эл аралык биоартүрдүүлүк күнү жана профессор Ботбаева Мира Махмутовнанын 95 жылдыгы белгиленип жатат. Ага ылайык, “Биоартүрдүүлүк: изилдөөнүн натыйжалары, көйгөйлөрү жана перспективалары” аталышындагы II республикалык илимий-практикалык конференция өтүүдө. 
Конференциянын башында профессор М.М.Ботбаевага арналган экспозиция менен тааныштыруу болуп, “Илим жолундагы бакыт” аттуу документалдык фильм көрсөтүлдү. Андан соң, окуу жайдын ректору Айгүл Абдраева сөз сүйлөп, М.М.Ботбаеванын окутуучулук ишмердүүлүгүн баса белгилеп, өз ишинин кесипкөй адиси болгондугуна токтолду.
Биология жана химия факультети тарабынан уюштурулган бул конференцияга бир катар химия жана биология илимдеринин докторлору, профессор, академиктер, Токтогул райондук эмгек, социалдык камсыздоо  жана миграция Башкармалыгынын башчысынын орун басары, университеттин Биология жана химия факультетинин жалпы жамааты, аспиранттар, магистранттар жана факультеттин студенттери катышууда.
Анын жүрүшүндө “Кен массивинин калдыктарынын жергиликтүү өсүмдүктөрдүн көп түрдүүлүгүнө тийгизген таасири”, “Шаардык багбанчылык үчүн Spirea тукумунун келечектүү өкүлдөрү” деген темаларда пленардык докладдар окулду.