Blog Image

Биоартүрдүүлүк кафедрасынын доценти “Курт-кумурскалардын сырткы түзүлүшү” деген темада лаборатордук сабак өттү

26-апрелде И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессор М.М. Ботбаева атындагы Биоартүрдүүлүк кафедрасында кезектеги сабакка өз ара катышуу өткөрүлдү. Кафедранын окуу-методикалык комиссиясы жана профессордук-окутуучулар курамы доцент Айгүл Абдыкапарованын БХк-11-22 тайпасына “Курт-кумурскалардын сырткы түзүлүшү” деген темадагы лаборатордук сабагына катышты. Окутуучу сабакта студенттерди топторго бөлүп, курт-кумурскалардын баш, көкүрөк жана курсак бөлүгүнүн түзүлүшү, ар бир бөлүгүндөгү жайгашкан органдары, алардын түзүлүшү, аткарган кызматы жөнүндө айтып берди. Студенттердин жооптору таблицаларды, слайд-презентацияны жана курт-кумурскалардын кургак коллекцияларын колдонуу менен коштолду. Жыйынтыгында кафедранын окуу-методикалык комиссиясы окутуучунун теориялык билиминин тереңдигин жана студенттер да активдүү катышканын билдирип, сабакта кызыктуу суроолорго толук кандуу жооптор берилгенин, топтор тапшырмаларды аткаруу менен илимий-методикалык жактан жогорку деңгээлде даярдалганын баса белгилешти.