Blog Image

Биология илимдеринин кандидаты Кадырбай Чекиров “Чөйрөнүн генотоксикалуулугун изилдөөдө колдонулган методдор” аталышында доклад окуду

15-апрель күнү Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун Жалпы биология жана аны окутуунун технологиялары кафедрасы тарабынан уюштурган декадада биология илимдеринин кандидаты Кадырбай Чекиров “Чөйрөнүн генотоксикалуулугун изилдөөдө колдонулган методдор” аталышында доклад окуду. Иш-чарага КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун директору Мирлан Дылдаев, университеттин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө курчап турган чөйрөнүн булганышы жана токсикалуулугун аныктоочу заманбап методдордун түрлөрү жөнүндө маалыматтар айтылды. Бул методдордун жогорку окуу жайларда колдонулушу талкууланды.