Blog Image

«Кыргызстанда биоартүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары» илимий семинар өттү

Биология жана химия факультетинин проф. М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасында 28-февралда «Кыргызстанда биоартүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары» аттуу илимий семинар болуп өттү. Семинарда КР УИА Биология институтунун омурткалуулардын зоологиясы лабораториясынын кенже кызматкери, факультеттин ардактуу бүтүрүүчүсү, Япониянын Цукуба университетинин табигый илимдер жана экология факультетинин магистранты Назгүл Турдуматова баяндама жасады. Аталган иш-чарага факультеттин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.

Семинардын максатына ылайык баяндамада Кыргызстандын биоартүрдүүлүгү, мамлекеттик жаратылыш коруктары, улуттук жаратылыш парктары, өзгөчө коруктар (заказник), жаратылыштын мамлекеттик эстеликтери, ботаникалык бактар, дендрологиялык жана зоологиялык парктар, биочөйрөлүк аймактар жана резерваттар, трансчегаралык өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары, жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу аймактар, микрокоруктар, парктарды башкаруу жөнүндө илимий маалыматтар кеңири берилди. Ошону менен бирге биоартүрдүүлүктү сактоо боюнча стратегиялык документтер, алардын учурдагы абалы жөнүндөгү маалыматтар аудиторияда кызыгууларды жаратып, талкуунун натыйжасында катышуучулар суроолоруна жоопторду алышты.          

Иш-чаранын соңунда катышуучулар баяндамачыга ыраазычылыгын билдиришти.