Blog Image

Биология жана химия факультетинде конок лекция өттү

3-майда профессор M.M. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын чакыруусу менен «Ысык-Көл облусунун мурдагы жашаган жерлерине жейрандын (Gazella subgutturoza Gulg) реинтродукциясы» деген темада конок лекциясы окулду. Конок-лекцияны Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун омурткалуу жаныбарлардын зоологиясы лабораториясынын башчысы, биология илимдеринин кандидаты Аскар Темирбекович Давлетбаков өттү.
Лекцияга биология жана химия факультетинин I-III курстарынын окутуучулары жана студенттери катышты.
Лектор Кыргызстандагы биоартүрдүүлүктүн көйгөйлөрү жана жаныбарлардын сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан түрлөрүн сактоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди. Багыттардын бири – түрлөрдү калыбына келтирүү программасы. Бул программанын алкагында Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жейрандарды реинтродукциялоо боюнча долбоор иштелип чыккан.
Жейрандар гранттык колдоо менен эки этап менен алынып келинген. Биз реинтродукция ийгиликтүү болду деп болжолдоого болот, анткени бир кезде жоголуп кеткен жейрандардын популяциясы калыбына келтирилип, тукуму алынган. Лекцияга катышкандар маалыматтарды кызыгуу менен угуп, башка жоголуп бара жаткан жаныбарлардын түрлөрүн калыбына келтирүү боюнча суроолор берип, келечекке каалоолор айтышты.