Blog Image

Биология жана химия факультетинин студенттери Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетине барышты

Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун Биология жана химия факультетинин 3-курсунун студенттери химия боюнча практикага Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин Химия жана химиялык технология факультетине (https://www.kaznu.kz/) экскурсияга х.и.к., доц.м.а. Жолдошбек Бакеновдун жетекчилиги менен барып келишти.

Физикалык химия, катализ жана мунай химиясы кафедрасынын башчысы х.и.д., профессор Ермек Аубакиров “Азыркы учурдагы химия илиминин жетишкендиктери” аттуу темада конок-лекция окуп берди. Андан соң университеттин, факультеттин жана кафедранын тарыхы жана жетишкендиктери менен тааныштырды. Аталган кафедранын доц.м.а. Енлик Усипбекова жана ага окутуучусу Жазира Супиева студенттерге окуу процессинин жүрүшүн, кафедранын материалдык-техникалык базасын, химиялык инновациялык каражаттарын жана жабдууларды презентациялашты.

Студенттер университеттин Аль-Фарабинин китепканасы, музейи жана “Керемет” студенттик борборуна саякат жасашты.