Blog Image

Студенттерибиз чет өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынынын студенттери үчүн эл аралык «Физхимик-2023» предметтик олимпиадасында ийгиликтерди багындырды

Үстүбүздөгү жылдын 22-23-февралында Казакстандын ардактуу академиги Оспанов Хабибулла Кусаиновичтин 90 жылдыдыгына карата жогорку окуу жайлардын студенттери арасында эл аралык «Физхимик-2023» предметтик онлайн олимпиада өттү. Аталган олимпиадага И. Арабаев атындагы КМУнун Химия профилинин 3-4-курсунун 6 студенти катышты. Сынакта Ташматова Огулай 3-орунду ээлеп, сертификат жана 50 миң теӊге акчалай сыйлык алды. Ал эми калган студенттер сертификаттарга ээ болушту. 

Кыргызстандан олимпиаданын жюри-мүчөлөрү болуп И. Арабаев атындагы КМУнун Биология жана химия факультетинин химия жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынан  башчысы, профессор Абдураим Сатывалдиев уюштуруу комитетинин мүчөсү, профессор Жумабай Сагындыков жана доцент Жанарбек Жаснакунов  катышты.

Эл аралык олимпиада Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин Химия жана химиялык технология факультети тарабынан уюштурулду.