«Биологияны окутуда маалыматтык технологияларды колдонуу» илимий клубу
2022-11-25
Биология жана химия факультетинин жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасында окутуучу Назгүл Казакова Ишеналы Арабаевдин 140 жылдыгына карата «Биологияны окутууда маалыматтык технологияларды колдонуу» деген темада илимий ийрим өткөрдү.
Бб-13-20 тайпасынын студенттери Алиса Даниярова, Асел Уметбекова, Каныбек Долонов презентация даярдашып, окуу процессин өркүндөтүүнүн куралы катары билим берүү аянтчаларынын ролун ачып беришти. Алар kahoot, myQuiz, wordwall сыяктуу билим берүү платформалары жөнүндө сүйлөшүп, кызыктуу викториналарды өткөрүштү.
Илимий ийримге факультеттин деканынын орун басары Гүлнара Усенгазиева, илимий координатору Медет Ахматов, кафедра башчысы Гүлнар Шаршеналиева, факультеттин УМОнун төрайымы Айгүл Абдыкапарова, кафедранын төрайымы Салкын Бейшеналиева, окутуучулар жана 1-4-курстун студенттери катышты.