Blog Image

Бишкек Седжонг институту 16 студентке стипендия тапшырды

Бүгүн, 13-сентябрь күнү, И.Арабаев атындагы КМУнун Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Корей тили бөлүмүнүн “Котормо жана котормо таануу”, “Эл аралык мамилелер” жана “Филология” багыттары боюнча 16 студенти ЖРТ жогорку балл көрсөткүчүнүн негизинде “Хангыль” стипендиялык фонду тарабынан стипендияга ээ болушту. Алар: Толомушова Медина, Кайипова Жылдыз, Ишенбекова Анина, Ибраева Айкөл, Кыдыкова Аземи, Самудинова Айгерим, Темирбаева Арайлым, Советбек кызы, Абдырахманова Нурдиана, Солтонова Илима, Абдурешити Сумая, Мамашова Дильназ, Атабаева Жасмина, Алишерова Элеонора, Чоюбекова Айнагүл, Сабырбекова Амина, Каныбекова Аделя.

Иш-чарага И.Арабаев атындагы КМУнун Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун директорунун орун басары Жылдыз Мадраимова, Корей тили бөлүмүнүн башчысы Сон Донг Веон, Бишкек Седжонг институтунун өкүлдөрү жана Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун окутуучулары жана студенттери катышты.

Бул фонддун максаты ЖРТнын жогорку жыйынтыгы бар студенттерди тартуу, окуудагы жакшы көрсөткүчтөрү бар студенттерге стимул берүү жана колдоо көрсөтүү болуп саналат. 2024-жылы ЖРТнын эң жогорку баллга ээ болгон корей бөлүмүнүн 1-курсунун 16 студенти 22 500 сом өлчөмүндөгү стипендияга ээ болушту. Аталган фонд кийинки жылдары да бул салтты улантууну пландоодо.