Blog Image

Бишкек Сежонг Институту Корея Республикасынын Маданият, спорт жана туризм министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланды

2023-жылдын дүйнөдөгү 248 Сежонг Институттарынын ишин баалоонун жыйынтыгында Бишкек Сежонг Институту Корея Республикасынын Маданият, спорт жана туризм министринин Ардак грамотасы менен сыйланды. Бул сыйлык Сежонг Институттарынын арасынан бир гана институт тандалып алгандыктан, дагы да чоң мааниге ээ болуп, сыймыктандырат. Жаңырган жылдын алгачкы күндөрү ушундай жакшы жаңылык менен баштаган Бишкек Сежонг Институту Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жана Кёнвон улуттук университети менен биргеликте тыгыз кызматташып, ар кандай долбоорлор аркылуу корей тили жана маданиятын таанытууда жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Университеттин профессордук-окутуучулук курамы аталган жогорку сыйлыгы менен Бишкек Сежонг Институтунун жетекчилигин, окутуучуларын жана студенттерин куттуктап, алдыдагы ийгиликтерге тилектештигин билдирет.