Blog Image

Бишкек шаарындагы жалпы билим берүү мекемлеринин география мугалимдер үчүн тренинг семинар өткөрүүдө

2022-10-31
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети Бишкек шаарындагы жалпы билим берүү мекемлеринин география мугалимдер үчүн «Туруктуу өнүгүү жана биоартүрдүүлүктү сактоо үчүн билим берүү» (36 саат) темасында окуу семинарын өткөрүп жатат
Аталган семинар 2022-жылдын 31-октябрынан 2-ноябрына чейин окуунун салттуу (күндүзгү) формасында күн сайын жана 2022-жылдын 3-4-ноябрында онлайн режиминде өткөрүлөт.
Тренинг 2018-2022-жылдар аралыгындагы «Жаңгак токойлорун жана жайыттарды башкарууга жергиликтүү коомчулукту тартуу менен биоартүрдүүлүктү сактоо жана жакырчылыкты азайтуу» кыргыз-герман долбоорунун колдоосунда өткөрүлүүдө. долбоордун өнөктөшү “CAMP Aлатоо” коомдук фонду менен биргеликте мугалимдер үчүн “Туруктуу өнүгүү жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо үчүн билим берүү” методикалык колдонмосу иштелип чыгып, аны тиешелүү мекемелердин окуу пландарына киргизүү боюнча чаралар көрүлүүдө. Колдонмо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Кыргыз билим берүү академиясынын Окумуштуулар кеңеши тарабынан 2020-жылы басып чыгарууга бекитилген.
Бул семинардын максаты география мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу, 2030-жылга чейин бардык окутуучулардын туруктуу өнүгүүгө көмөк көрсөтүү үчүн зарыл болгон билим жана көндүмдөргө ээ болуусун, адам укуктары, гендердик билим алуусун камсыздоо болуп саналат.
Окуу семинарынын аягында ар бир угуучуга сертификат жана долбоор тарабынан иштелип чыккан методикалык колдонмо берилет. Колдонмонун ал ар бири иштелип чыккан көнүгүүлөрдү жана көрсөтмөлүү окуу материалдарын камтыган 4 техникалык бөлүмдөн турат: 1 ) Туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү; 2) токой; 3) жайыттар; 4) Климат. Колдонмо менен 3 видео үйрөткүч кошо берилет